Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тердин саны көбөйөт. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эс алуучуларга ылайыкталган 18 Rest Рoint жана 5 туристтик-маалыматтык борбор бар.
Ал белгилегендей, туристтик-маалыматтык борборлордун бешөө Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Эми дагы башка облустарда үч борбор курулмакчы.
“Азыр Rest Рoint`тердин жарымы иштеп, жарымы иштебегендиктен, биз Туризмди колдоо фонду менен биргелешип, эксплуатацияга бериле электерин аныктап жатабыз. Подрядчы уюмдар менен каталарын оңдотуп, пайдаланууга берүү чаралары көрүлүүдө. Фонд бул багытта активдүү иштеп жатат. 2030-жылга чейин дагы 11 Restpoint куруу пландалууда. Азыркы иштеп жаткан Restpoint`тердин натыйжалуулугун арттырууга маани берилүүдө”, - деди ал.