Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 130 айылда жаңы ичүүчү суу системаларын курууга даярдык иштери жүрүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор ишке ашса, 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү суу менен камсыздалат.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин адистери жергиликтүү бийлик жана муниципалдык ишканалар менен биргеликте курулуш иштерин уюштурууга даярдык көрүүдө.
Ошондой эле айылдарда тургундар үчүн маалыматтык жолугушуулар өткөрүлүп, жаңы суу системаларын куруу, үй чарбаларын туташтыруу жана долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү түшүндүрүлүүдө.
Мындан тышкары, 8 райондо ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишканаларды түзүү иштери жүргүзүлүүдө.