Өлкө боюнча мектептерде 97 миңге жакын мугалим эмгектенет

Билим 15 сентябрь 2026 10:45
Өлкө боюнча мектептерде 97 миңге жакын мугалим эмгектенет
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.09.26. Кабар/. Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 2374 мектеп иштейт. Анын 2132си - мамлекеттик, 242си - жеке менчик.

Жалпысынан аларда 1,5 млн окуучу окуйт.