Өлкө боюнча быйыл 20 миңдей видеокамера орнотулат – Ниязбеков

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 12:52
484629086_1038054245010243_6425206166956353476_n.jpg
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. 2026-жылы “Коопсуз өлкө” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында республика боюнча 20 миңден кем эмес видеокамера орнотулат. Бул тууралуу коллегиялык отурумда ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, санариптик программалар ишке киргизилип, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жана туристтик аймактарда коопсуздук системасы жаңы деңгээлге көтөрүлөт.

“Биз алдыбызга коюлган бардык тапшырмаларды так жана өз убагында аткарып, элдин коопсуздугун камсыздоодо натыйжалуу иш-чараларды улантабыз”, – деп белгиледи Улан Ниязбеков.