Өлкө аймагында "Жөө жүргүнчү" аталышындагы масштабдуу рейд башталды

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
WhatsApp Image 2024-11-12 at 17.55.21.jpeg
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда "Жөө жүргүнчү" аталышындагы масштабдуу рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2024-жылы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү фактылары менен коштолгон 2 613 жол кырсыгы катталап, 2 594 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан. Тилекке каршы 254 жөө жүргүнчү көз жумган.

Бул көрүнүш аркы 2023-жылга салыштырмалуу бир топ пайызга төмөн болгону менен бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй бойдон калууда.

"Мындай кырсыктардын алдын алуу максатында 27-январдан 1-февралга чейин өлкө аймагында "Жөө жүргүнчү" аталышындагы чоң масштабда рейд башталды", - деп айтылат маалыматта

Рейд учурунда чоң жолду кесип өткөн, чоң жолдорго чуркап чыккан, жол тосмолордон ашып өткөн жөө жүргүнчүлөргө жана жөө өтмөктөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоопкерчиликтери каралат.

Эскерте кетсек, КР Укук бузуулар кодексинин 190-беренесине ылайык, туура эмес жерлерден өткөн жөө жүргүнчүлөргө 1000 сомдон ал эми жөө өтмөктөрдөн жол бошотуп бербеген айдоочуларга 3000 сомдон айып пул каралган.

ЖКККББ жөө жүргүнчүлөрдү  өздөрүнүн коопсуздугу үчүн  жол чырактардан жана жөө өткөөлдөрдөн гана өтүүгө чакырат.