Өлкө аймагында «Жөө жүргүнчү» аталышында рейд жүрүүдө

Коом Загрузка... 31 Январь 2025
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Өлкө аймагында «Жөө жүргүнчү» аталышында рейд жүрүүдө.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2024-жыл ичи жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү фактылары менен коштолгон 2 миң 613 жол кырсыгы катталып, 2 миң 594 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алышып, тилекке каршы 254 жөө жүргүнчү көз жумган.

Белгиленгендей, бул көрүнүш аркы 2023-жылга салыштырмалуу бир топ пайызга төмөн болгону менен, бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй бойдон калууда.

Мындай жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 27-январынан тартып, 1-февралына чейин, өлкө аймагында чоң масштабда «Жөө жүргүнчү» аталышындагы рейд жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, рейд учурунда чоң жолду кесип өткөн, чоң жолдорго чуркап чыккан, жол тосмолордон ашып өткөн жөө жүргүнчүлөргө жана жөө өтмөктөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоопкерчиликтери каралат.

Эске салсак, Укук бузуу кодексинин 190-беренесине ылайык, туура эмес жерлерден өткөн жөө жүргүнчүлөргө 1000 сомдон ал эми жөө өтмөктөрдөн жол бошотуп бербеген айдоочуларга 3000 сомдон айып пул каралган.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөө жүргүнчүлөрдү өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жол чырактардан жана жөө өткөөлдөрдөн гана өтүүнү суранат",-деп айтылат маалыматта.