Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Өлкө аймагында сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алсак,
- Чүй облусунда - 3;
- Бишкек шаарында - 2;
- Жалал-Абад облусунда -3;
- Ош облусунда - 3;
- Ош шаарында - 2;
-Талас облусунда - 1;
Нарын облусунда - 1.
Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуулар болгон жок.