Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. 27-январдан 1-февралга чейин өлкө аймагында “Жөө жүргүнчү” аталышында рейд өткөрүлдү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө жалпы 19317 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Анын ичинде:
- 1 842 жөө жүргүнчүгө жолдорду кесип, туура эмес жерлерден өткөндүгү үчүн 1000 сомдон айып салынган;
- 4 920 айдоочуга жөө өткөлдөрдөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербегендиги үчүн 3000 сомдон айып салынды.
Эскерте кетсек, 2024-жыл ичинде катталган жол кырсыктарынын 38 пайызы жөө жүргүнчүлөрду сүзүп кетүү фактылары менен коштолгон.