Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Дем алыш күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар өттү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эки күн ичинде жол эрежелерин одоно бузган 6 922 айдоочу кармады.
Анын ичинен:
- мас абалында унаа башкарган 97 айдоочу;
- тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 150 дөн ашуун айдоочу;
- автоээнбаштык жасаган 34 айдоочу.
ЖКККББ рейддик иш-чаралар мындан ары да уланарын эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.