Өлкө аймагында бир суткада 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 18 Февраль 2025 09:30
950590.c57a27e4066132779f875431314fc7a0 (2).jpg

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак,

- Бишкек шаарында – 2;
- Ош шаары – 1;
- Ош облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусу – 1;
- Нарын облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.