Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Лейлек районунда быйыл 23 чакырым жолду асфальттоо жана 28 чакырым жаңы жол куруу пландалууда.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 13 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жаңы жолдордун айрым тилкелеринде жер иштери жүрүп жатат.
Раззаков – Андарак – Көк-Таш жолунун 5 чакырымына жана Коргон – Катраң – Баул жолунун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады. Ар бир жол тилкесинин сметалык баасы 36 млн сомду түзөт.
Раззаков – Гордой – Кекире жолунда 3 чакырымга асфальт төшөлүп, калган 2 чакырымында иштер уланууда. Ошондой эле Булак-Башы – Кайрагач жолунда, Кайрагач – Кулунду – Арка жолунун 20 чакырымында жана Жаштык – Арка жолунун 8 чакырымында жер жана жолдун негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жол курулуштары республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Президенттин аймактагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Токсонбаев подряддык уюмдарга курулуштун сапатын, материалдардын талапка жооп беришин жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын камсыздоо боюнча тапшырма берди.