“Лейлек” эркин экономикалык аймагынын иши жанданат

Аймак 09 Апрель 2026 13:04
670155448_1489606552532795_1095205851551744411_n.jpg
668197712_1489606805866103_4566711366431660282_n.jpg
666261333_1489606745866109_7998687915849811332_n.jpg
668984190_1489606692532781_8480887473668727546_n.jpg
666982954_1489606645866119_5439937194861962655_n.jpg
666736338_1489606629199454_3397561923661021363_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды.

Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 11 млн 500 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Белгиленгендей, “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын жалпы аянты 100 гектарды түзөт. Анын ичинен 84 гектар жер аянтына Лейлек суу чарба башкармалыгы тарабынан тамчылатып сугаруу системасы аркылуу суу жеткирилип, бак отургузулган.