Кызыл-Кыя жана Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз күйүүчү май саткандар жок

Аймак Загрузка... 03 Февраль 2025 14:45
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз күйүүчү май саткан учурлар жок. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы көзөмөл кызматы жүргүзгөн рейдде белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, өрт коркунучун алдын алуу жана коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча учурда түшүндүрүү иштери бардык жерде күчөтүлгөн тартипте уланууда. Анын ичинде, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районунун аймагын текшерүү учурунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан учурлар катталган жок.

Белгиленгендей, күйүүчү май жана тез күйүүчү каражаттар сатылган жайларда өрт өчүрүү шаймандары, алардын колдонуу мөөнөтү жана эвакуациялык планы текшерилди.

Мындай маанидеги иш-чаралар Баткен облусунун бардык район-шаарларындагы соода түйүндөрүндө, базар жана мекеме-ишканаларда да улантылмакчы»,-деп айтылат маалыматта.