Тяньцзинь, 07.07.25. /Кабар/. Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден келген өкүлдөр Тяньцзинь портуна барышты. Аталган порт Кытайдын Пекин шаарынан 170 чакырым түштүк-чыгышта жана Тяньцзинь шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан. Ал Кытайдагы деңиз портторунун ичинен алтынчы орунда турат.
Эркин соода аймагы катары эсептелген Тяньцзинь порту аркылуу дүйнө боюнча 180ден ашык өлкөгө товар жүгүртүлөт. “Бул жай өнөр жай гиганты жана дүйнөлүк логистиканын очогу. Ошондой эле жөн гана порт эмес, чыныгы жогорку технология менен камсыздалган, коопсуз жана автоматташтырылган экономиканын кыймылдаткыч күчү” - дешет уюштуруучулар.
Тяньцзинь портундагы крандар, жүк ташуучу унаалар, контейнерлерди сорттоо, мунун баары жогорку сапаттагы технология менен камсыздалган. Бүгүнкү күндө Тяньцзинь дүйнөдөгү эң өнүккөн логистикалык платформалардын бири катары каралат.
Атай кетсек, порт евразиялык логистиканын жана кызматташуунун стратегиялык борборуна айланууда