Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну Кытай республикасы Кытай “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында сунуш киргизген. Ошондон бери бир чейрек кылым убакыт ичинде бул долбоор макулдашуу процесстеринен өтүп, 2024-жылдын акыркы күндөрүндө Кыргызстандын тарыхындагы эң амбициялуу жана масштабдуу инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу башталды. Жалал-Абад шаарына жакын жерде өлкөбүздүн аймагы аркылуу өтүп, Евразиядагы эң ири транспорт тутумун бириктирүүчү звеного айлана турган темир жолдун курулушу башталды. Бул эң чоң континенттин карама-каршы бөлүктөрүн бириктирген эң кыска жол болуп, ондогон өлкөлөр үчүн жүктөрдү жеткирүүнүн эң ыңгайлуу жана эң ылдам жолу болуп калат.
Долбоордун расмий ачылыш аземинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөбүз регионалдык кызматташууда жана коңшу мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүдө жаңы доорду ачып жатканына басым жасады.
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жөн эле транспорт коридору эмес, ал Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн бириктире турган маанилүү стратегиялык көпүрө. Тагыраак айтканда, жаңы темир жол коридору евразиялык континенталдык көпүрөнүн түштүк байланышы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат.
Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Европа Биримдигине товарларды жеткирүүнү камсыздайт. Долбоор аймактар аралык байланыштарды бекемдеп, транспорттук багыттарды диверсификациялоого жана региондун эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт, бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички максаттарына жооп берет», - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Темир жолдун аркасы менен Кыргызстан кайрадан жанданган Жибек жолунда маанилүү орунду ээлейт. Биз үчүн бул транспорттук туюктан чыгуунун жолу гана эмес, индустриялаштыруунун жогорку деңгээлине жетишүү мүмкүнчүлүгү. Эл аралык транспорт коридорунун иштеши Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү менен өндүрүштүк кубаттуулуку көбөйтүп, атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап продукцияларыбызды башка өлкөлөргө экспорттоого шарт түзөт.
Коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов Жибек жолу гүлдөп турган орто кылымдарда кандай болгонун эстеп, эми аны кайра курууга катышуу менен жаңы геоэкономикалык пейзажды түзүп жатканыбызга токтолду.
«Биз бул жолдо байыркы замандан 16-кылымга чейин турдук. Бирок ал чексиз согуштардын, талап-тоноолордун кесепеттеринен жок болуп кеткен. Батыш менен чыгыштын байланыштары үзүлүп, мурда эл аралык сооданын өнүгүшүнөн улам гүлдөп турган аймак гүлгө окшоп соолуп баратты.
Бул каттамдын кайра жанданышы келечекке чоң жол ачат. Бир кезде эң бай, гүлдөп турган, баардык адамдар бул жерде жашоону самаган Борбордук Азия чөлкөмүнүн кайра жаралышына аталган долбоор чоң өбөлгө түзөт. Бул долбоор темир жол гана болбостон, дүйнөнү бириктирген логистикалык чынжырга айланыш керек.
Темир жол өткөн маршрутта шаарлар, айылдар, өнөр жай ишканалары, ири кампалар пайда болушу керек. Башкача айтканда, жол менен кошо тиешелүү инфраструктуралар өнүгөт. Темир жол жүктөрдү ташып, эмгек ресурстарынын агымын камсыздап жана түрдүү маданияттарды жана цивилизацияларды камтыйт. Бул долбоор ишке ашканда, Кыргызстандын да, башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй эле келечеги кең болот”, - деп баса белгилейт Зайнидин Курманов.
Эми трассанын негизги техникалык параметрлери жөнүндө айтсак. Бардыгы 486 чакырымдуу Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад - Анжиян жолунун 280 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Тоолуу рельефтин татаалдыгына байланыштуу 50 километрден ашык туннелдерди жана ондогон эстакадаларды куруу керек болот. Бул татаал жана каражатты көп талап кылган долбоор.
Буга байланыштуу экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров дагы бир маанилүү жагдайга токтолду. Өлкөбүз татаал тоо кыркаларынан өтүп, капчыгайларда узун көпүрөлөрдү курууда баа жеткис тажрыйбага ээ болот. Эксперттин пикири боюнча, бул темир жол эл аралык транспорттук инфраструктураны өнүгүүсүнө гана эмес, ички экономиканын башка секторлорун – айыл чарба, өнөр жай, машина куруу, логистика, кызмат көрсөтүү жана туризм тармактарынын өнүгүүсүнө түрткү берет.
«Бул долбоор биз үчүн деңизге жана дүйнөлүк рынокко чыгуу гана эмес, Кыргызстандын ичинде кубаттуу инфраструктураны жаратат. Жолдун боюна жалпы 18 станция, жүк ташуучу жана логистикалык борборлор курулат. Биздин өлкөгө жылына транзит үчүн эле 200 миллион долларга жакын акча түшөт. Бул жол аркылуу биз бир жагынан Кытай жана Түштүк-Чыгыш Азия менен, экинчи жагынан Кавказ, Перс булуңу жана Европа өлкөлөрү менен байланышабыз. Бул эң кыска жол, ошондуктан жол ар дайым суроо-талапка ээ болуп турат.
Буга чейин биз дүйнөлүк жеткирүү чынжырынын катышуучулары катары эч жерде көрсөтүлгөн эмеспиз. Биздин чоң магистралдарга же деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Дүйнөлүк соода процесстерине катышууда темир жолдун мааниси абдан чоң. Биз экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы форматына интеграциялануудабыз”,-дейт Төлөнбек Абдыров.
Долбоорду каржылоого байланыштуу бардык маселелер макулдашылган, муну үч тараптуу консорциум чечип жатат, анда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү бар. Темир жолунун курулушу бир нече жылга созулат, бирок биздин өлкөдө жаңыдан башталган иштер эле экономикалык потенциалды чыңдоого олуттуу инвестиция тартууга жардам бере баштады.