Кышка даярдык: Таласта энергетиктерге атайын техникалар тапшырылды

Аймак 11 Июнь 2026 18:00
720776541_979675185037525_1749788575656334586_n.jpg
721842617_979675178370859_8709180578188169570_n.jpg
721042553_979675255037518_2150012541271209969_n.jpg
720361653_979675401704170_6398246317546407395_n.jpg
720457559_979675291704181_1263316325570424712_n.jpg
720611797_979675338370843_1316405728278195211_n.jpg
721441218_979675245037519_8853249680360831366_n.jpg
722296555_979675381704172_2795981088640632032_n.jpg
723209111_979675315037512_8935024439702168245_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Талас ЭТИ

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Талас электр тармактар ишканасына 5 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Энергетика министрлигинин модернизациялоо пландарынын алкагында аймакка төмөнкү техникалар бөлүндү:

  • 2 FAW үлгүсүндөгү унаа;
  • 2 ISUZU үлгүсүндөгү унаа;
  • 1 заманбап экскаватор.

Жаңы унаалардын экөөсү Манас РЭТине, бирөөсү Талас РЭТине берилди. Ал эми калган атайын техникалар Талас электр тармактар ишканасынын борбордук автобазасынын карамагына өттү.

Белгилей кетсек, бул машиналар "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы өз каражатына сатып алган 41 атайын техниканын курамына кирет. Алар өлкөнүн бардык аймактарына тегиз бөлүштүрүлүүдө.

Ишканадан билдиришкендей, жаңы механикалык күчтөр капиталдык оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүүгө, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоого жана эң башкысы алдыдагы күз-кыш мезгилине ишенимдүү даярдык көрүүгө жол ачат.