Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. Кыргызстанга келген туристтердин басымдуу бөлүгү өлкөнүн тоолору үчүн келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда туризм тармагы абдан жакшы өнүгүп жатат. БУУнун статистикасы боюнча, өлкөгө жылына 8 миллион 600 миңден ашуун турист келет. Алардын 70 пайызы тоо туризми үчүн келгендер.
“Альпинизм – бул спорт, бирок тоо туризминин эң жогорку даражасы болуп эсептелет. Туризмдин эң белгилүү жана престиждүү багыттарынын бири да ушул. Азыркы тапта туризм ИДПнын 4,3 пайызын түзүп жатат. Бирок, мен ишенем, жакынкы 2 жыл ичинде бул көрсөткүч 10 пайызга, керек болсо 15 пайызга чейин өсөт”, – деди Кубатов.