Кыргызстанга Тажикстандан былтыр 86 миң турист келген

Туризм 4544 13 Февраль 2026 16:52
604746775_3674186559391183_574708412922073098_n.jpg
698ec8067f710-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
604746775_3674186559391183_574708412922073098_n.jpg
698ec8067f710-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Тажикстандан Кыргызстанга былтыр 86 миң турист келген. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” өткөн кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда айтылды.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев туризм тармагындагы кызматташтыктын оң динамикасын белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Тажикстандан келген туристтердин саны 2024-жылга салыштырмалуу 12 эсеге көбөйдү.

“Кыргыз тарап биргелешкен кыргыз-тажик туристтик долбоорлорун ишке ашырууга, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн жарандар жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү виза киргизүүгө кызыкдар”, - деди Адылбек Касымалиев.