Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Акыркы 6 жылдагы чет элдик туристтердин 95%нан ашыгы Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Россиядан келет.
Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун маалыматы боюнча, биринчи орунда Өзбекстан, андан кийин Казакстан менен Россия турат. Ошол эле маалда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келген туристтердин саны да көбөйүүдө (КМШ, араб жана Европа өлкөлөрү, Түштүк-Батыш Азия жана Америка мамлекеттери).
Бүткүл дүйнөлүк Саякат жана туризм кеңешинин докладында Кыргызстан дүйнөдөгү туризм багытында тез өсүүчү өлкө катары белгиленет жана аталган тармак 10 жылдын ичинде 8,2%га чейин өсөрү айтылат.
Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун аналитикалык тобу түзүп чыккан “Саякат жана туризм секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси” боюнча 140 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 116чы орундан 90чу орунга чыккан.
Ал эми эң меймандос дүйнө өлкөлөрүнүн ар жылкы «Welcoming Countries Rank-2023» интерактивдик рейтингинде 199 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 53чү орунду ээлеген.
Ошондой эле Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (ЦУР) 2023-жылдагы көрсөткүчтөрү боюнча Кыргызстан 166 өлкөнүн ичинен 45 орунду ээлеп, Борбор Азия боюнча лидерлик позицияда турат.
Өлкөдөгү туризм тармагы өнүгүүнүн натыйжалуу деңгээлине чыгып, туризмдеги туруктуу өнүгүүнүн саясатын киргизе баштады.