Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, анда талкуунун негизги темасы Россия Федерациясынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалы болду.
Белгиленгендей, кыргыз тарап чет өлкөлүк жарандардын Россияга кирүүсүнө жаңы эрежелерди жана шарттарды киргизүүгө, атап айтканда, өлкөгө кирүү жана болуу максатында алдын ала каттоо жана арыз берүү зарылчылыгына, ошондой эле алардын Россияда убактылуу болуу мөөнөтүн кыскартууга байланыштуу маселелерге басым жасады. Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жарандарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Россия Федерациясында эркин жүрүүсүнө, ошондой эле иштөө мүмкүнчүлүгүнө жагымсыз таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленди.
Жолугушуунун жүрүшүндө андан сырткары чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын балдарын Россия Федерациясынын жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алууда орус тилин билүү тестирлөөсүнөн өткөрүү боюнча жаңы талаптардын киргизилгендигине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, кыргыз тарап Кыргызстандын жарандары акыркы убакта Россияга кирүүдө дуушар болуп жаткан, ошондой эле миграциялык каттоого туруу учурундагы кыйынчылыктарга россиялык тараптын көңүлүн бурду.
"Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын жана Россиянын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы орус тилинин статусун эске алуу менен, жогоруда аталган маселелер боюнча россия тараптын кароосуна к ноталар берилди",-деп айтылат маалыматта.