Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын тигүү ишканалары Россия менен гана чектелбестен, экспорттук рынокторун кеңейтип, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө да чыгышы керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Бархат” тигүү фабрикасынын жетекчиси Нуржан Кунасова билдирди.
Анын айтымында, ата мекендик тигүү продукциясынын сапаты учурда эл аралык деңгээлде атаандашууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми өндүрүштү кеңейтүү жана бизнести өнүктүрүү маселесине ишкерлер 2022-жылдан тарта көбүрөөк көңүл бура башташкан.
Нуржан Кунасова тармакка мамлекет тарабынан “Кыргыз Экспорт” борбору аркылуу олуттуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Борбордун программаларынын алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөр эл аралык көргөзмөлөргө катышып, чет өлкөлүк рынокторду изилдөөгө жана өз продукцияларын башка мамлекеттерде таанытууга мүмкүнчүлүк алышууда.
“Биз ар кайсы өлкөлөргө барып, продукциябыздын сапатын көрүп жатабыз. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу сапаты кыйла жогорулады. Биз дагы эл аралык рынокко чыгууну каалайбыз. Кыргызстан Россия менен гана чектелбестен, өз продукциясын башка өлкөлөргө таанытууга татыктуу. Европа жана Жакынкы Чыгыш рынокторун да камтышыбыз керек”, — деп белгиледи ал.
Ошондой эле “Бархат” фабрикасы сентябрь айынан ноябрь айына чейин өткөрүлгөн экспорттук акселератор программасына катышкандыгы маалымдалды. Кунасованын айтымында, программа ишкананын ишмердүүлүгүнө сырттан баа берүүгө, учурдагы чектөөлөрдү аныктоого жана өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көрүүгө жардам берген.
“Бул программадан компаниябыз үчүн көп нерсени үйрөндүк. Өзүбүзгө чектөө коюп келген айрым мүмкүнчүлүктөрдөн арылдык. Ишибизди кайрадан карап чыгып, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктадык. Башка ата мекендик өндүрүш ишканаларын да мындай долбоорлорго активдүү катышууга, көнүмүш шарттардан чыгып, ачык жана мыйзамдуу иштөөгө, кызматкерлерди окутууга жана ички башкаруу системасын түзүүгө чакырам”, — деди ал.
Фабриканын жетекчиси ошондой эле жергиликтүү кадрларды колдоонун жана алардын кесиптик жактан өнүгүүсүнө шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, тармактагы ишканалар бири-бири менен тажрыйба бөлүшүүгө жана өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр.