Кыргызстандын кёрлинг боюнча курамасы биринчи жолу Азия оюндарына катышат

Спорт Загрузка... 27 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-27 at 12.30.37.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстандын кёрлинг боюнча курама командасы биринчи жолу Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын керлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда кёрлинг федерациясы биринчи жолу ачылып, команданын түптөлгөнүнө көп өткөн жок. Бирок кыска убакытта жакшы көрсөткүчтөргө жете алды.

“Мисалы, былтыр Шотландияда Олимпиада оюндарына тандап алуу мелдешине, бир катар эл аралык турнирлерге да катышты. Эми тарыхта биринчи жолу кышкы Азия оюндарына барат”,-деди ал.

Анын айтымында, учурда кёрлинг спортуна кызыккан кыргыз жаштарынын саны күндөн-күнгө өсүүдө.

“Өлкөнүн ар бир облустунда биздин өкүлчүлүктөр бар. Кёрлингди жаштардын арасында жакшы жарнама кылуунун аркасында, бул спортко кызыккан өспүрүмдөрдүн саны өсүп жатат. Бул абдан кубандырат. Биз алардын кызыгуусунун аркасында, кёрлинг боюнча иш-чараларды, турнирлерди өткөрүүгө шыктанып жатабыз”,-деди ал.