Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. H2O Racing уюмунун негиздөөчүсү жана президенти, UIM F1H2O суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын жетекчиси Николо ди Сан Жермано Кыргызстандын дүйнөлүк биринчиликтин этабын өткөрүүгө даярдык деңгээлин жогору баалады.
Ысык-Көл облусунун Бает айылында өткөн маалымат жыйынында ал быйыл эл аралык спорттук иш-чараларды уюштуруу тармагындагы ишмердигине 45 жыл толуп жатканын белгиледи.
"Бул убакыт аралыгында биз дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө 1000ден ашык мелдеш өткөрдүк. Алардын арасында суудагы "Формула-1", "Дакар" раллиси, авиациялык шоулар, парустук спорт жана башка көптөгөн багыттар бар. Ал эми суудагы "Формула-1" боюнча биз дүйнө чемпионатынын 312 этабын уюштурдук", - деди ди Сан Жермано.
Анын айтымында, Кыргызстандагы бул долбоор H2O Racing уюму үчүн Борбор Азиядагы алгачкы иш-чара болуп саналат.
"Кыргызстан биздин бардык күтүүлөрүбүздөн ашып түштү. Даярдык көрүүгө убакыт абдан кыска болгонуна карабастан, бардык иштер ыкчам жана кесипкөй деңгээлде уюштурулду. Учурда иш-чара биз күткөндөй өтүп жатат", - деп баса белгиледи ал.
Уюмдун президенти Кыргызстан даярдыкка көбүрөөк убакыт бөлгөн шартта мындан да ири масштабдагы эл аралык мелдештерди кабыл ала аларына ишеним билдирди.
Николо ди Сан Жермано Кыргызстандын жетекчилигине, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине, Кыргызстандын суу-мотор спорту федерациясына, жергиликтүү бийлик органдарына жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, мелдешти ийгиликтүү уюштурууга бардык тараптардын биргелешкен аракети чоң салым кошконун белгиледи.
Ошондой эле ал эртең Кыргызстанга Эл аралык суу-мотор спорту союзунун (UIM) президенти келерин айтып, бул мелдештин эл аралык деңгээли жогору экенин далилдей турганын кошумчалады.