Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Австрия, Словакия, Чехия, Германия, Дания, Польша, Финляндия, Бельгия, Италия, Венгрия, Канада, Түркия, Израил, Япония, Таиланд, Пакистан, Непал жана Румыниядагы Кыргызстандын ардактуу консулдары менен видеоконференцбайланыш режиминде жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушууда, ардактуу консулдардын 2024-жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2025-жылга карата пландар талкууланды.
Консулдук округдарда негизги көңүл Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө бурулду.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин илгерилетүү маселесине өзгөчө көңүл бөлүндү.
Ардактуу консулдар, 2025-жылга карата пландарын сунуштап, КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү иштөөнү, ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташууну кеңейтүү боюнча иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Бул багытта алар ишкер жана жарандык коом өкүлдөрү менен жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө, кыргыз маданиятын жайылтууга, инвестицияларды тартууга жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндө биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында, жолугушуунун катышуучулары мындан ары да өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана белгиленген милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди улантуу чечимине келишти.