Кыргызстандын бардык облустарында фермерлер үчүн семинар өткөрүлөт

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 13:09
63a04eaf1ba44f695efe8f7fdf6c49fd.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти үстүбүздөгү жылы февралдан июнга чейин фермерлерге жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистерине окутуучу семинарларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, семинар “Топурактын асылдуулугун жогорулатуу, топуракты анализдөө, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо жана карантиндик чаралар” деген темада өткөрүлөт.

Семинарлар бардык облустарда (1-2 жерде) пландаштырылып, 400дөн ашык дыйкан-фермердин катышуусу күтүлүүдө. 

Окутуунун негизги максаты топурактын асылдуулугун жогорулатуу, өсүмдүктөрдү коргоо, пестициддерди коопсуз пайдалануу маселелери боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн билимин жана потенциалын бекемдөө болуп саналат.

Семинарларга каттоо, өткөрүү жайы, графиги боюнча кененирээк маалыматты Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси Султанбек кызы Гүлзардан 0705 529-229 номери аркылуу тактап алууга болот.

Катталуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу малыматтарды толтуруңуз:
https://forms.gle/FdYnyT1R3ZPTHhxT6

Маалымат үчүн: Өсүмдүктөрдү коргоо – зыянкеч, илдет, отоо чөптөрдүн жана башка зыяндуу факторлордун айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнө олуттуу зыян келтиришин алдын алууга багытталган стратегиялардын жыйындысы.

Азыркы учурда, агротехникалык жана биологиялык методдор менен катар өсүмдүктөрдү химиялык коргоо ыкмасы бардык жерде жана кеңири колдонулууда. Бирок, пестициддер туура эмес колдонулса, алардын калдыктары жер-жемиштерде сакталып, топуракка же жер астындагы сууга сиңип кетиши мүмкүн экендигин эске алуу керек.