Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын авиациясы Эл аралык авиация уюмунун (ICAO) коопсуздук боюнча аудитинен 85% ийгиликтүү өттү. Эми аудиттин жыйынтыгын күтүү гана калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Кыргызстандын авиациясы Европа Биримдигинин “кара тизмесинде” болчу.
“Биз 2023-жылы учуулардын коопсуздугу боюнча аудиттен өткөнбүз, азыр болсо коопсуздук боюнча аудиттен өтүп жатабыз. Уюм тарабынан биздин өлкөнүн авиациялык системаны эл аралык стандарттарга шайкеш келери белгиленди. Аудитте аткаруу деңгээли 85%ды түздү, бул жогору көрсөткүч. Эгер биз аудиттен жогорку деңгээлде өтө алсак, анда бизге Европа жана башка мамлекеттерге түз аба каттамдары ачылат, азыр бизде мындай каттамдар жок. Биз авиация тармагын Кыргызстандын дүйнөлүк экономикага интеграциялануусу катары карап жатабыз жана амбициялуу долбоорду ишке ашырууга даярбыз. “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы учурда өлкө ичинде каттамдарды аткарууда. Жакында биз “Ош” жана “Манас” аэропортторун заманбап талаптарга жооп бериши үчүн реконструкциядан өткөрөбүз”, - деди ал.
Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) — БУУнун адистештирилген мекемеси, уюм эл аралык учак жол-жоболору менен усулдарын иштеп чыгуу, эл аралык учак каражаттарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, учуу-техникалык эрежелерин өркүндөтүү, учуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.