Бишкек 21.06.25 /Кабар/. Ысык-Көлдө Борбор Азиядагы эң ири лыжа класстерин түзүүгө багытталган туристтик долбоор старт алды. Анын негизинде Ак-Суу районунда “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курорту курулуп, Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокулары аркан жол аркылуу бириктирилет. Учурда алгачкы инфраструктуралык иштер башталып, туристтик шаарча үчүн жер тилкелери аукционго чыгарылды.
Бул комплекстүү эс алуу жайы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда. Өлкө башчысы бул долбоор өлкөнүн туризмин жана экономикасын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ экендигин айтып, “тоо-лыжа класстерин түзүү чет элдик инвестицияларды тартууга, калктын иш менен камсыз болуусун жогорулатууга жана Кыргызстандын дүйнөлүк туристтик рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, - деп белгилеген.
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, долбоордун алкагында 3-4 жана 5 жылдыздуу мейманкалар, аркан жол, лыжа базасы, этно-шаарчалар, конференц-залдар курулат. Муну менен бирге эле жалпы узундугу 250 чакырымды түзгөн лыжа трассалары түптөлөт.
Долбоорго көзөмөлдүк кылып жаткан Ак-Суу районунун акими Канатбек Калдаралиев эс алуу жай туурасында мындайча оюн билдирди:
“Кыргызстан кереметтүү кооз тоолорунун потенциалын пайдалануу менен долбоорду ишке ашырууда. Бул өлкөбүздүн туризм тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошот. Себеби, анын ишке ашуусу менен жайкы эле эмес, кышкы туризм дагы өнүгөт”, - деди.
Маалыматка ылайык, долбоордун алгачкы бөлүгү катары Жыргалаңдагы туристтик шаарча курулуп баштайт. Инфратүзүмдү мамлекет өзү камсыздайт. Атап айтканда аркан жол, лыжа трассасы жана унаа жолдор курулуп, электр жарыгы жеткирилет. Ошондой эле таза суу менен камсыздалат.
Ал эми 3-4 жана 5 жылдыздуу мейманкаларды, VIP-коттедждерди, этно-таунхаус, ресторан, кафе, SPA-комплекс жана башка туристтерди тейлөөчү жайларды куруу иши жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго берилет. Мындан улам жер тилкелери аукцион аркылуу сатыкка коюлуп, ал 15-18-июль күндөрү өткөрүлөрү айтылды.
Жер тилкелеринин аянты 216 чарчы метрден 15 660 чарчы метрге чейин жетет.
- 49 жер тилкесинин жалпы аянты 6,5 гектарды түзөт.
- Жердин баштапкы баалары 3 067 200 жана 336 990 000 миң чейин.
Аукционго катышуу үчүн жогоруда айтылган каражаттын 10 пайызын кепилденген төгүм катары төлөө талап кылынат. Жер тилкесин сатып алгандан кийин инвестор курулушту эки жылдын ичинде жыйынтыкташы керек. Жер тилкелеринин баардык тиешелүү документтери бар. Чет элдик жарандар аны 49 жылга ала алышат.
Жыргалаңдагы тиешелүү курулуш иштери аткарылып бүткөндөн кийин, долбоордун кийинки бөлүгү болгон Ак-Булак менен Боз-Учукта дагы жумуштар башталат.