Кыргызстандын аэропортторунда биздин бүтүрүүчүлөр иштеп жатат – Улан Курманов

Коом Загрузка... 14 Май 2025 17:58
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Өлкөнүн ар кыл тармактарындагыдай эле акыркы жылдары кыргыз авиациясында дагы бир катар олуттуу долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде жаңы аэропорттордун курулушу, эскилердин модернизацияланышы ж.б. бар. Мындан улам аталган мекемелерде кадрларга болгон талап дагы өспөй койгон жок. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Улан Курманов айтып берет.

Кыргыз авиациясындагы алгылыктуу иштер жана кадр маселеси

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жалпы кыргыз авиациясында бир катар маанилүү иштер жасалып жатат. Алардын ичинде аймактардагы аэропорттордун курулушу, ички жана эл аралык каттамдарды көбөйтүү, учуу коопсуздугун камсыз кылуу, авиатранспорттук логистиканы жакшыртуу деген сыяктуу дагы бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Муну менен катар эле биздин окуу жайда дагы талаптарга шайкеш келүү максатында окуу программаларыбызды жаңылап, заманбап техника жана технология менен камсыздоо, санариптештирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул аракеттер биздин бүтүрүүчүлөргө чоң талапты жаратуу менен бирге ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө. Андан сырткары студенттерибизге өлкөнүн бардык авиакомпанияларынан практикадан өтүүгө шарттар түзүлдү. Жарандык авиациядагы бир катар алдыңкы мекемелер менен кызматташуу келишимдерди түзүүгө жетиштик. Учурда Кыргызстандын бардык аэропортторунда, анын ичинде албетте, аймактарда жакында ишке кирген аэропорттордо дагы биздин бүтүрүүчүлөр жумуш менен камсыз болушту. Статистикага таянсак, акыркы үч жылда бүтүрүүчүлөрдүн 80%дан ашууну кесиби боюнча жумушка орношкон.

Окуу жай кесипкөйлүктү чыңдоону да колго алды

Биздин негизги багытыбыз жарандык авиация үчүн адистерди баштапкы даярдоо болгону менен убакыттын талабына ылайык, ишмердүүлүгүбүздү диверсификациялоого өттүк. Башкача айтканда, билим берүү кызматтарынын спектрин кеңейтип, кошумча багыттарды да өнүктүрүүгө кириштик. Мисалы, жогорку окуу жай катары эле эмес, кайра даярдоо жана квалификация жогорулатуу боюнча да авиация тармагында кесипкөйлүктү чыңдоочу борборго айландык. Бул жаатта мамлекеттик органдар жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү менен кызматташтык орноду. Жарандык авиация агенттиги тарабынан авиациялык адистерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу программалары ишке киргизилди. Бул программалар өзгөчө мааниге ээ. Анткени алар заманбап аба кемелерине, техника жана технологияга ылайык жаңы билимди арттырууга шарт түзөт.

Өзгөчө статус эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоого жол ачат

Президенттин жарлыгы менен институтубузга өзгөчө статус ыйгарылды. Муну менен бизге жаңы мүмкүнчүлүктөр - академиялык, финансылык жана башкаруу жаатында эркиндикке чыгууга жол ачылат. Экинчиден, заманбап авиациялык билим берүүгө ылайыкталган программаларды иштеп чыгууга шарт түзүлдү. Өзгөчө статус биздин бүтүрүүчүлөрдү эл аралык деңгээлдеги адис катары даярдоого, инвестиция тартууга, эл аралык өнөктөштүк байланыштарын тереңдетүүгө да жол ачат деп ишенем.

Жергиликтүү өнөктөштөр жана эл аралык кызматташтык

Учурдагы өнөктөштөрүбүз - Мамлекеттик Жарандык авиация агенттиги, “Кыргызстан Аэропорттору” ААКы, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы, “Манас авиасервис”, “Манас Тренинг Центр”, “Асман ойл” күйүүчү май менен камсыздоо компаниясы, “Тез-Жет”, “Авиа Траффик Компани”, “Аэростан”, “Эйр Кей Джи”, “Скай Кей Джи”, сыяктуу авиакомпаниялар. Бул өнөктөш мекемелердин аркасында биздин студенттер окууну бүтүргөндөн кийин ошол эле мекемелерге түз жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Андан сырткары окуу жайыбыз эл аралык мамилелер жаатында КМШ жана алыскы чет мамлекеттердин 30дан ашык алдыңкы окуу жайлары менен эл аралык келишимдерге кол койгон.

Окуу жайдын келечектеги максаты

“Биздин келечектеги максатыбыз – окуу жайды Борбор Азиядагы авиация тармагындагы алдыңкы билим берүү борборуна айлантуу. Бул багытта биз сапаттуу билим берүүнү, эл аралык стандарттарга жооп берген адистерди даярдоону, техникалык базаны жаңыртууну, санариптик трансформацияны жана илимий-изилдөө иштерин кеңейтүүнү көздөп жатабыз”, - дейт Улан Курманов.

Мамлекеттик Жарандык авиация агенттигинин берген маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда 11 аэропорт, анын ичинде 5 эл аралык жана 6 аймактык аэропорт бар. Төмөнкү аэропорттор эл аралык аэропорт статусуна ээ: Манас, Ош, Ысык-Көл, Каракол жана Баткен. Калгандары ички каттамдарга бекитилген аймактык аэропорттор: Жалал-Абад, Раззаков (Баткен), Кербен (Жалал-абад), Казарман (Жалал-Абад), Нарын жана Талас.