Кыргызстандыктар жаңы Эмгек кодекси боюнча кайсы күндөрү эс алат? График

Коом Загрузка... 04 Февраль 2025 13:03
1330118.4293773f7a6fb87c29fcef3d00.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинети “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтому күчүн жоготкондугу жөнүндө документ кабыл алды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашкандай, жаңы Эмгек кодекси боюнча эми иш күнүн ишембиге которууга болбойт.

Жаңы жылдык каникулдар 1-январдан 6-январга чейин, май майрамдары 1-9-майга чейин деп белгиленди.

23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү, 7-апрель - Апрель революциясы күнү жана 7-8-ноябрь - Ата-бабаларды эскерүү күнү сыяктуу мамлекеттик майрамдар иш күндөрү бойдон калды.

Ал эми 8-март – Аялдардын эл аралык күнү, 21-март – Нооруз, 31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү, Орозо айт, Курман айт жана 7-январь – Рождество майрамы эс алуу күндөрү деп таанылды.