Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Кыргызстандык студенттер Казакстанда өткөн Digital Almaty-2025 санарип форумуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Студенттердин форумга катышуусу Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана Казакстандык Goodwill AqNiet Foundation коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулду.
Digital Almaty-2025 эл аралык форумуна ТИМге караштуу К.Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын студенттери, Ж.Баласагын атындагы КУУнун эл аралык байланыштар факультетинин студенттери жана Ала-Тоо эл аралык университетинин студенттери катышты.
Digital Almaty-2025 эл аралык форумунун алкагында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев жана Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулу Жеңишбек Асанкулов кыргыз студенттери менен жолугушту.
Анын учурунда дипломаттар жаш муунга колдоо сөздөрүн айтып, алардын мындай эл аралык иш-чараларга катышуусунун маанилүүлүгүн белгилешти жана окууларында, келечектеги кесип тандоодо ийгиликтерди каалашты.