Кыргызстанда бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 13 март 2025 10:10
Кыргызстанда бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды
Кабар

Өлкө аймагында сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак,
- Бишкек шаарында – 2;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.