Кыргызстанда жумушсуздук 23,2%га кыскарды

Экономика Загрузка... 24 Март 2025 13:36
image_PSpislW.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-мартына карата жумуш издөө боюнча иш менен камсыз кылуу кызматынын каттоосунда турган жумушсуздардын саны 67,6 миң адамды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.

Өткөн жылдын ушул мезгиликне салыштырмалуу катталган жумушсуздардын саны 23,2%га азайган.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,9%ын аялдар түздү.

Ал эми жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,7%ды түздү.