Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды

Коом Загрузка... 24 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-24 at 08.09.02.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы билдирди.

Анын айтымында, былтыр өлкөдө каттоодо турган жумушсуздардын саны 70 миң адамды түздү. Катталгандардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар 50 миң кишини түзөт.

“Каттоодо турган жумушсуздардын саны 2023-жылы 5,3%ды түзсө, өткөн жылы 4,4%ды түзгөн. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,4%га төмөндөдү дегенди түшүндүрөт. Ал эми жалпы расмий жумушсуз макамы барларды ала турган болсок. 2023-жылы 2,8%ды түзсө, өткөн жылы 1,8%ды түздү. 2023-жылга салыштырмалуу 1,1%га төмөндөдү. Бул албетте эмгек рыногундогу жүргүзүлгөн активдүү иш-аракеттердин аркасында болду”, -деди ал.