Кыргызстанда жүрөккө механикалык имплант коюу пландалууда

Ден соолук Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук илимий-изилдөө институтунда Abbott компаниясынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Евгений Долженко баштаган делегациясы менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды дарылоонун инновациялык технологияларын киргизүүнүн келечеги талкууланды.

Тактап айтканда, талкуу жүрөк трансплантациясынын альтернативалык ыкмалары – LVAD (Left Ventricular Assist Device) HeartMate 3 системасынын жардамы менен механикалык сол карынчаны имплантациялоо жөнүндө болду. Бул аппарат жүрөккө канды айлантууга, анын жүгүн азайтууга жардам берген жана бейтапка активдүү жашоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу жогорку технологиялуу аппарат.

Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кардиохирургиялык жардамды жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барып жатканын белгиледи. Abbott компаниясы менен кызматташуунун алкагында, LVAD имплантациялоо технологиясын ишке ашыруу бир нече этапта ишке ашат:

  • Биринчи этап - Кыргызстандагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук илимий-изилдөө институтунун жана Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиологдорун, кардиохирургдарын жана реаниматологдорун даярдоо;
  • Экинчи этап - Москвада адистерди тереңдетип окутуу;
  • Үчүнчү этап – Кыргызстанда жасалма жүрөктү имплантациялоо боюнча биринчи операцияны жасоо.

Жакынкы күндөрү Abbott компаниясынын делегациясы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук илимий-изилдөө институтунун адистери менен жолугушууларды өткөрөт жана мындай операцияларды жасоо үчүн зарыл болгон операциялык бөлмөлөр, керектүү аспаптар жана медициналык жабдуулар менен таанышат.

HeartMate 3 аппаратынын баасы 100 миң доллардын тегерегинде. Операцияны каржылоо маселеси иштелүүдө.

Мындай операцияларды өткөрүү Кыргызстанда жогорку технологиялык медициналык жардамды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, жүрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жашоо сапатын бир топ жакшыртат.