Кыргызстанда өтүнөн жабыркагандардын саны өсүүдө – дарыгер

Ден соолук Загрузка... 28 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-28 at 14.51.15.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда өтүнөн жабыркагандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, академик Рахатбек Оморов радиолордун биринде берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр бир эле ооруканада операция болгондордун саны беш миңге жетет. Мурда калктын 18 пайызы өт менен жабыркаса, учурда 35 пайызы ооруп калды. Бир эле клиникада күнүнө 20 операция болот.

“Өт оорусу негизинен ар кайсы аймакта ар башкача кездешет. Өлкөнүн түндүк тарабында түштүк тарапка караганда көп кездешет. Бул албетте тамак-ашка байланыштуу. Түндүктөгүлөр көбүнчө майлуу, күчтүү тамактарды жешет. Эт, чучук сыяктуу майлуу тамактар. Ал эми түштүк тарап көбүнчө күрүч өңдүү жеңил тамактарды жегендиктен аларда өт оорулары аз. Өт жолдорунун таш оорусу — зат алмашуу бузулуудан же өттүн акпай токтоп калышынан кишинин өт баштыгында же өт жолдорунда таш пайда болуу оорусу. Бул оору акырындап өөрчүйт. Көп жылдар бою оорулуунун оң жак кабыргаларынын алды оор тартып, ачышып ооруйт”,-деди дарыгер.

Ал белгилегендей, өттө таштын пайда болушунун бир нече себептери бар. Алар төмөнкүлөр:

-Өт кислотасы менен холестериндин тең салмактуулугунун бузулушу. Өт суюктугунун курамында өт кислотасы жана холестерин бар. Холестерин - боор иштеп чыга турган май. Өт суюктугунда холестерин ашыкча болуп, өт кислотасы жетишпесе, өт баштыкчасында таш пайда боло баштайт. Өт суюктугунда холестериндин ашыкча болушу адам семиргенде, жогорку калориялуу тамак-аштарды, жаныбарлардын майын, кантты, таттууларды кеп жегенден келип чыгат.

-Арыктоо. Адам арыктоо учун катуу диета кармаганда да таш пайда болот. Анткени организм энергия алуу учун тери алдындагы май клеткаларды пайдалана баштайт. Мындай кезде ткандардан холестерин көп өлчөмдө чыга баштайт да, кан менен өт баштыкчасына барат. Өт кислотасы анча көп өлчөмдөгү холестеринди эритүүгө жетишпейт да, таш пайда боло баштайт.

- Жаш курак. Адам картайганда өт баштыкчасынын иштөөсү төмөндөйт да, анда туруп калган өт суюктугу жабышкак, илешкек тартып, акырындан ташка айлана баштайт.

-Тукум куучулук, суунун сапаты жана башка факторлор. Кыргызстандагы суулардын курамындагы туздун көптүгү жана көп жерлерде иче турган суунун таза эместиги өттөгү ташты пайда кылуучу себептердин бири болуп саналат.