Бишкек, 04.02.25. / Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алсак,
- Бишкек шаарында – 4;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 3.
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.