Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 19 февраль 2025 11:01
Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 3, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.