Бишкек, 25.10.02/Кабар/. Кыргызстанда социалдык контракттын көлөмүн көбөйтүүнү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, коллегияда министр Равшанбек Сабиров министрликтин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы, анын ичинде жарандардын жашоо шартын жакшыртуу жана эмгек миграциясын колдоого багытталган социалдык программаларды ишке ашыруу боюнча кеңири баяндама жасады.
Анын айтымында, олуттуу долбоорлордун бири – “Социалдык контракт”. Анын алкагында 100 миңден ашык адамдын жашоо шарты жакшыртылды. Долбоордун 2025-жылдагы кийинки этабында социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган.
"Министрлик жарандарды колдоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маанилүү максаттарды коюп жатат. Биз үй-бүлөлөрдү, оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарды, ошондой эле эмгек мигранттарына жардам көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду активдүү иштеп жатабыз", - деп белгиледи министр.