Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өсүүдө

Экономика Загрузка... 24 Март 2025 15:30
WhatsApp Image 2025-03-24 at 15.03.43.jpeg
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өсүүдө.

Евразия банкынын жумалык баяндамасына ылайык, Кыргыз Республикасынын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2025-жылдын январь-февраль айларында 14,7%га өстү деп айтылган. Ушул эле жылдын январь айында мындай өсүш 10,7%ды гана түзгөн.

Өнөр жайынын өсүшүнүн негизин тамак-аш тармагы (55,1%) жана энергетика тармагы (19,6%) түзүп, өсүштү улантып келе жатышат. 2025-жылдын февраль айында негизги металлдарды өндүрүү өсүү зонасына кирип 18,2% ды туздү. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 8,3% га төмөндөгөн.

Белгилей кетсек, Ата мекендик өндүрүштү мындан ары чыңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2025-жылы 128 инвестициялык долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда. Алар ийгиликтүү ишке ашырылса, өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүн көбөйтүү потенциалын жогорулатат.