Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Кыргызстан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун аркасында 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү. Жалпысынан 434 млрд сомдук 90дон ашык долбоор жүзөгө ашты. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров "Инвестициялык вектор: Мамлекет жана бизнес" форумунда билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын 11 айында 13 келишимге кол коюлуп, жалпысынан 3,8 млрд доллардан ашык жеке инвестициялар тартылган.
"Кыргызстандын эркин экономикалык аймактары инвестицияларды тартууну жана өндүрүштү өнүктүрүүнү ийгиликтүү улантууда. 2022-жылдан 2025-жылдын сентябрына чейин 5,1 млрд сомдон ашык каражат тартылып, бюджеттин кирешеси 10 млрд сомдон ашты. Бүгүнкү күндө 330дан ашык ишкана иштеп жатат, анын ичинде өлкөнүн экспорттук позициясын бекемдеген технологиялык өндүрүш объектилери, ошондой эле импортту алмаштыруучу тармактар бар", - деди Сабиров.
Ошондой эле ал жаңы өнөр жай кластерлери жана өндүрүш парктары түзүлүп жатканын, ал эми салык жеңилдиктери жана жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор бизнес үчүн жагымдуу шарттардан экендигин белгиледи.
“Биз инфраструктураны өнүктүрүүнү, ченемдик укуктук базаны жакшыртууну жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн бардык экономикалык аймактардын тең салмактуу өнүгүшүн камсыз кылууну улантабыз”, - деп кошумчалады Сабиров.