Эми Кыргызстанда мамлекеттик алымды онлайн төлөөгө болот

Коом 949 23 Апрель 2025 14:47
1.jpg
492001539_1025001373142562_5522487128053707944_n.jpg
492013115_1025000693142630_3237259286238895403_n.jpg
492132955_1025001096475923_6188273641235094510_n.jpg
492257826_1025001213142578_3107437687470549236_n.jpg
492308482_1025000806475952_3382628479522531451_n.jpg
492399796_1025000689809297_1489713856939062656_n.jpg
492542172_1025001033142596_2988119442408709786_n.jpg
492972369_1025000769809289_6081660525845200470_n.jpg
493606099_1025000686475964_4672023071800639988_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Жогорку сотто "Мамлекеттик алымды онлайн төлөө" системасынын пилоттук режимде ишке кириши боюнча презентация өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чараны Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова жетектеген жумушчу топ өткөрдү. Жергиликтүү соттордун өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.

Жогорку соттун алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемеси тарабынан иштелип чыккан жаңы санариптик сервис жарандарга соттук мамлекеттик алымдарды онлайн төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы система учурда «Элдик» мобилдик тиркемеси менен иштеп жатат, жакында ага "МБанк", "Бакай Банк" жана башка банктар да кошулат. Бул кызмат Финансы министрлиги жана банктар менен кызматташтыкта ишке ашырылууда.

Белгилүү болгондой, эми жарандар сотко же банкка барбастан, мобилдик тиркемелер аркылуу үйүнөн же кеңсесинен туруп эле жыйымдарды төлөй алышат.

Эскерте кетсек, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Жогорку соттун sot.kg расмий сайтына мамлекеттик алымды эсептөөчү онлайн-калькулятор жайгаштырылган. Анда арыздын түрүнө жараша төлөнө турган алымды алдын ала эсептеп алууга болот.

Мамлекеттик алым — бул сотко кайрылууда, юридикалык мааниге ээ документтерди алууда же башка юридикалык аракеттерди жасоодо төлөнүүчү милдеттүү төлөм. Аны жеке адамдар да, юридикалык жактар да төлөшөт.