Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандар азаюуда

Ден соолук Загрузка... 28 Январь 2025
278-1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоого чалдыккандар азаюуда.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, 2025-жылдын 4-жумасында (20.01.25 - 26.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 441 учуру жана сасык тумоонун 53 учуру катталган (и.к. 161,9), өткөн жумага салыштырмалуу (03-жума, и.к. 166,2) -2,6%га аз катталган.

Ооругандардын 5%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралуусу байкалууда, анын ичинде эң көп таралганы респиратордук синтициалдык вирус – 29,9%, риновирус – 25,2%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 12,1%, башка вирустук инфекциялар 19,6%ды түздү.

2024-жылдын декабрь айынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан келип чыккан сасык тумоо мезгили байкалууда жана В тумоосунун айрым учурлары - 13,2% жана COVID-19 - 6,8% болду.