Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үч окууда колдоо тапты.
Парламенттен билдиришкендей, жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири Камила Талиева мыйзам долбоору геопарктардын улуттук тармагын түзүүгө, уникалдуу геологиялык объектилердин сакталышын жана туруктуу туризм аркылуу региондордун ѳнүгүүсүн камсыз кылууга багытталгандыгын баса белгиледи.
"Геопарктардын коом үчүн маданий жана социалдык мааниси өтө чоң. Андыктан биз экологиялык аң-сезимди гана өстүрбөстөн, улуттук мурастарыбызды көздүн карегиндей сактоого аракет кылуубуз кажет", – деген депутат атайын презентация көрсөтүп, мыйзам долбоорунун маңызы тууралуу кенен кеп кылды.
Андан тышкары, жыйында ушул эле депутаттар тарабынан сунушталган "Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө" мыйзам долбоору да үч окууда жактырылды.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Марлен Маматалиев, Камила Талиева, Алишер Козуев, Талайбек Масабиров, Кубанычбек Самаков.