Кыргызстанда футбол тууралуу алгачкы сериал тартылат

Маданият 10 сентябрь 2026 16:30
Кыргызстанда футбол тууралуу алгачкы сериал тартылат
copyright icon WWW

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда футбол темасына арналган алгачкы сериал — "Топ Юнайтед" тартылат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, долбоорду "Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси, Кинематография департаменти жана "1.1 Studio" кинокомпаниясы биргеликте ишке ашырат.

"Кыргыз тилинде тартылуучу сериал быйыл экранга чыгат. Анда кызын жоготуп албоо үчүн тарбиясы оор өспүрүмдөрдөн түзүлгөн футбол командасын машыктырууга аргасыз болгон улуттук кураманын мурдагы оюнчусунун окуясы баяндалат", - деп айтылат маалыматта.

Сериалдын негизги темалары — үй-бүлө, достук жана экинчи мүмкүнчүлүк. Долбоордо спортко жана сергек жашоого үндөө менен катар командалык дух, жоопкерчилик жана максатка умтулуу баалуулуктары чагылдырылат.

"Топ Юнайтед" сериалында кыргыз киносунун жаңы жүздөрү тартылат. Алардын көбү үчүн бул долбоор экрандагы алгачкы ролу болмокчу.