Кыргызстанда экономика өсүп, ири долбоорлор ишке ашууда – Эртай Искаков

Пикир 5 октябрь 2026 20:55
Кыргызстанда экономика өсүп, ири долбоорлор ишке ашууда – Эртай Искаков

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда экономика өсүп, ири долбоорлор ишке ашууда. Бул тууралуу жарандык активист Эртай Искаков “Бишкек Арена” стадионунун ачылышында “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө экономикалык өсүш жыл сайын жогорулап жатат.

Ошондой эле ири имараттар жана завод-фабрикалар курулууда.

“Бишкек Арена” сыяктуу 1075 имарат жана 521 завод-фабрика курулуп, алар өлкөгө олуттуу киреше алып келүүдө.  Инфраструктураларга токтолсок, өлкө боюнча темир жолдор, унаа жолдор жана турак жайлар курулууда. Туризм тармагында болсо, Кыргызстан керемет жаратылышы менен көп өлкөлөрдү артта калтырып, эл аралык рейтингдерге алдыңкы орунга чыгууда.  Эң башкысы — ынтымак жана биримдик гана экономиканы мындан ары да жогорулатат. Өлкөбүз өнүгө берсин, ошондо эч ким Кыргызстанды сындыра албайт. Кыргызстан, алга!”, — деп белгиледи ал.