Кыргызстанда буга чейин балдарды коштоп жүрүүчү бир дагы соцкызматкер болгон эмес - министрлик

Интервью Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Жээнбек Сагыналиев жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, азыркы учурга чейин өлкөдө балдар менен жеринде иш алып барып, үй-бүлөлөрдөгү көйгөйдү аныктап, жардам берген атайын социалдык кызматкерлер болгон эмес. Акыркы учурдагы коомубуздагы балдарга болгон зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүшү, балдарды өзгөчө камкордукка алуу зарылдыгын жаратты. Социалдык кызматкерлердин 550 жаңы штаттык бирдигинин киргизилиши, бул кызматтын ишмердүүлүк багыттары тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова менен маектешти.

- Аталган социалдык кызматкерлердин ишке кириши, министрликтин балдар менен иштешүү кызматы тууралуу айтып берсеңиз?

- Президент кол койгон жарлыктын негизинде балдарды коштоп жүрүү үчүн социалдык кызматкерлердин 550 жаңы штаттык бирдигин киргизүү 5 этап менен ишке ашырылат. 1-февралдан тартып 100 кызматкер, 1-апрелден 100, 1-июндан 100, 1-августтан 100 кызматкер, андан кийин акыркы этап менен 1-октябрдан тартып 150 социалдык кызматкер өлкөнүн бардык облустарына бөлүштүрүлүп, ишке киришет. Кыргызстанда буга чейин 900гө жакын социалдык кызматкерлер үй шартында жалгыз бой кары-картаңдар, майыптыгы бар адамдар, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр менен иштешип келишкен. Учурга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө балдарды коргоо маселеси боюнча 198 адис иштеп келген. Бирок, атайын балдарды коштоп, алар менен тыкыс иш жүргүзүүчү бир дагы социалдык кызматкер болгон эмес. Эми кошумча киргизилген 550 штаттагы социалдык кызматкерлер турмуштун оор кырдаалына кабылган, жардамга муктаж балдарды жеринен аныктап, аларга жардам берүү, коргоо багытында иш алып барышмакчы.

- Балдарды коштоп жүрүү үчүн социалдык кызматкерлер негизинен кандай функцияны аткарат?

- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө балдарды коргоо маселеси боюнча бөлүмдөр иштейт. Социалдык кызматкерлер ошол бөлүмдөр менен түзмө-түз иштешишет. Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу, аныктоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып барат. Балдарды асырап алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштырууда социалдык коштоо жүргүзөт жана андан ары да ал үй-бүлөлөр менен иш алып барат. Коомдогу көйгөйлүү маселе ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды камкордукка алып, алардын абалын сурап, көйгөй жаралган учурда бир жерден экинчи жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзөт. Анткени, ата-энеси миграцияда жүргөн балдар кандай үй-бүлөдө, кандай шарттарда тарбияланып жатат деген маселелер бар. Миграцияда жүргөн ата-эне менен балдардын ортосунда байланыш барбы, ошонун бардыгын аныктап билет. Мисалы, 2024-жылды балдарга карата 547 зомбулук катталса, ошонун ичинен 199 сексуалдык зомбулук катталган.

- Иш максатына жетүү үчүн кесипкөй кызматкерлер талап кылынат эмеспи, социалдык кызматкерлер кандай даярдалат?

- Биз алгач социалдык кызматерлерибизди даярдап алышыбыз керек. Кесипкөй базалык жогорку билими бар адистерди да социалдык усулдук материалдардын, курстардын негизинде кошумча окутуп, андан кийин жумушка алабыз. Кесипкөй, балдарга туура багыт бере ала турган билим деңгээли жетиштүү кызматкерлерди алышыбыз керек. Буга чейин социалдык кызматкерлерди окутуу модулдары иштелип чыккан, усулдук окутуу курстары дайын. Эми иштейм деген жогорку билими бар адистерди дагы бир жолу атайын окуудан өткөрүп, кабыл ала баштайбыз. Социалдык кызматкер негизи психолог, педагог ошол эле учурда балдарга мээримдүүлүк менен мамиле кылып, туура камкордук кыла алган адам болуш керек. Ал жеринде кайсы бир үй-бүлөдө балдарга карата зордук-зомбулук болуп жатса биринчилерден болуп коңгуро кага турган адам болот.

Белгилей кетсек, балдарды коштоп жүрүү үчүн социалдык кызматкерлердин 550 жаңы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө учурдун талабы болгон жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койду.