Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 3;
- Ош шаарында – 2;
- Чүй облусунда – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Талас облусунда – 2;
- Нарын облусунда – 2;
- Баткен облусу – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 19 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.