Кыргызстанда акыркы бир жылда суу чарба секторуна $80 млн бөлүндү

Президент 22 апрель 2026 17:05
Кыргызстанда акыркы бир жылда суу чарба секторуна $80 млн бөлүндү

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир жылда суу чарба секторуна 80 млн долларга жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, соңку 5 жылда бул тармакка бюджеттен 259 млн АКШ доллары багытталган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2%ын түзөт.

“Бул каражаттар жана чаралар эскирген инфраструктураны жакшыртуу, натыйжалуу жана заманбап системаны куруу үчүн жетишсиз”, - деди Садыр Жапаров.