Кыргызстанда 5 жылда 673 билим берүү объектиси курулду

Коом 25 Август 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-08-25 at 10.18.19 (1).jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Акыркы 5 жылда, тактап айтканда 2021-2025-жылдары Кыргызстанда 673 билим берүү объектиси курулуп бүттү. Бул тууралуу агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, курулган объектилердин 394ү мектеп, 147си бала бакча.

“Ушул мезгил аралыгында 114 мектеп жана 18 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал эми 2026-2027-окуу жылына карата, 31-августка чейин 79 билим берүү объектисин куруп бүтүү пландалууда. Анын ичинен 50ү жаңы курулуш болсо, 29у капиталдык оңдоп-түзөө объектиси. Жаңы курулуштардын арасында 39 мектеп жана 11 бала бакча бар. Ошондой эле жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин куруп бүтүү пландалууда”,- деди Баймурзаев.

Белгилей кетсек, мында 56 курулуш объектиси жана 2 капиталдык оңдоп-түзөө объектиси курулуп бүтөт.