Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда 425 миң жаран таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында жана “Сууну камсыздоо жана санитария боюнча жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын алкагында 1-фазанын даярдыгы үчүн 4 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүндү.
Бул каражаттар Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарындагы 126 калктуу конуш үчүн долбоорлоо-сметалык документациясын иштеп чыгууга, ошондой эле негизги операциялык жана экологиялык документтерди даярдоого жумшалат.
Мындан тышкары, аталган долбоор климаттын өзгөрүшүнө туруктуу инфраструктураны комплекстүү изилдөөнү, долбоорлоону, тендердик документацияны иштеп чыгуу иштерин, ошондой эле долбоорду башкаруу жана мониторинг жүргүзүүнү камтыйт.
"Бул аракеттердин жүзөгө ашырылышы 1-фазанын тез ишке киргизилишине шарт түзүп, анын алкагында өлкө боюнча 425 миңден ашуун жаран таза ичүүчү суу менен камсыздалат",- деп айтылат маалыматта.